«Улан кичи районундагы лифтке кыпчылып каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнөбү?» деген суроо узатты Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Казыбек Эргешов.
«Бишкек шаардык лифт» ишканасынын башкы инженери Эрик Эшимбеков маркумдун жубайына камсыздандыруу компаниясы аркылуу 310 миң сом төлөп берилгендигин айтты. Ал лифтти текшерүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнүн эске салды. «Экспертиза лифт жакшы абалда экенин көрсөттү. Ошондуктан бирөөнү жазалоо мүмкүн эмес», — деп жооп берди.
Ушул жылдын январь айында Бишкектин Улан-1 кичи районунда эркек киши лифтке кыпчылып каза болгон. 38 жаштагы шаар тургуну лифтке коляскадагы баласы менен кирген. Анын эшигине кыпчылып калган учурда белгисиз себептерден улам лифт иштеп кеткен. Алган жаракаттарынан ал кырсык болгон жерден көз жумду. Бала жаракат алган эмес.