Лимонтинин өлтүрүлүшү. Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Лимонти» каймана аты бар кримавторитет Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук териштирүү аяктады. Буга чейин акыркы сөзүндө Талгат Шамиев жабырлануучу тараптан кечирим сураган.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, судья Мирлан Термечиков чечимди окуп берди, ага ылайык айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылды. Сот өкүмдө Талгат Шамиев СИЗО-1де эки жылдан бери отурганын эске алып, мунапыс да колдонгон. Соттолуучунун жаза мөөнөтү төрттөн бирине кыскарды. Жалпысынан, алдын ала маалыматтар боюнча, Талгат Шамиев алты жыл колонияда жазасын өтөйт. Мындан тышкары, сот айыпталуучудан жабырлануучунун пайдасына 100 миң сом өндүрүү чечимин чыгарды.

«Лимонти» 2020-жылдын 28-мартында Нарын шаарында өлтүрүлгөн. Соттолуучу Талгат Шамиев анын сөөгүн РИИБге алып барып, кылган кылыгын мойнуна алган. Киши өлтүрүү өч алуу негизинде жасалганы маалымдалган.