Липосакция операциясынан кийин көз жумган аял. Жеке клиниканын хирургу камакка алынды

Бишкекте липосакция операциясынан кийин көз жумган аялдын иши боюнча жеке клиниканын операция жасаган хирургу камакка алынды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, кармалган жаранга Жазык кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы) жана 127-берененин (байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелген жарандын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, СИЗО-1ге 1 айга камакка алынган. Тергөө уланууда.

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун сиңдиси кайрылып, Улуттук госпиталда эжеси каза болгонун билдирген. Ал менчик клиникадан оор абалда №2 анестезиология жана реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Улуттук госпиталдан аялдын Art clinic клиникасында липосакция операция жасатканы, ошондой кийин абалы начарлап, оор абалда жеткирилгени маалым болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги Art clinic клиникасынын лицензиясы бар экенин билдиришкен. Биринчи Май РИИБде окуя боюнча кылмыш иши козголгон.