Липосакция операциясынын кийин көз жумган аял. Клиника кимге катталганы маалым болду

Липосакция операциясынан кийин аялдын ден соолугу начарлаган Art clinic клиникасынын лицензиясы бар. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, клиника 2018-жылдын 18-октябрында жеке ишкер Алина Алиевага катталган.

Лицензияга ылайык, клиника төмөнкү кызматтарды көрсөтө алат: хирургиялык ооруларды диагностикалоо жана хирургиялык дарылоо, амбулатордук жана стационардык шартта наркоздук жана реанимациялык жеңилдиктерди берүү менен пластикалык хирургия жасоо.