LX470 үлгүсүндөгү унаасын жана акчасын алган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте шаар тургунун ири өлчөмдөгү акчага алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-февралда райондук милицияга С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 2017-жылдын декабрында Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде Б.Э. аттуу жаран анын наркы 22 миң долларлык  LX470 үлгүсүндөгү унаасын жана накталай 10 миң доллар акчасын алганын айткан. Ордуна Чүй облусундагы жер тилкесин каттатып берүүнү убадалган Б.Э. сөзүнө турбай качып кеткенин билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.

Учурда «Алдамчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Милиция  кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды таап, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизишти. Анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бары-жогу такталууда.