«Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Мындай чечимди 22-мартта Октябрь райондук соту чыгарган.
Салимов Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу») боюнча шектелип кармалган.
Президенттин басма сөз кызматынын мурунку башчысы Нургазы Анаркулов социалдык тармактагы баракчасына Турсунтай Салимовдон бүгүнкү күндө мамлекетке 19 миллион доллар чыгым өндүрүлгөнүн жазды. «Жакынкы аралыкта дагы 1 миллион төгөт. Жалпы 20 миллион доллар бир гана Салимовдун кылмыштуу империясынан өндүрүлдү», — деп жазды ал.