«Мадина» базарынын кожоюнунун уулу Ильшат Салимовго издөө жарыяланды

Иттипак уйгур диаспорасынын лидеринин уулу Салимов Ильшат Турсунтаевичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Турсунтай Салимовдун уулу Салимов Ильшат Турсунтаевичке Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгүндө (Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды. Салимов Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ильшат Салимов криминалдык авторитеттин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен өзүнүн өнөктөштөрүн ар кандай бизнес-долбоорлордогу үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратып, андан кийин анын кирешесинен жер тилкелерин сатып алып, үлүштүк катышууга жамынып, уюшкан кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылышкан. Мындан тышкары, Салимовдун курулуш компанияларында үлүшү бар. Ошондой эле, курулуп жаткан үйлөрдө жалпы баасы болжол менен 12 миллион долларды түзгөн 110дон ашык батирлери бар. Салимовдордун үй-бүлөсү Көлбаевдин камкордугунан активдүү колдонушкан, анын колдоосу менен курулуш жаатында бардык объектилери ишке ашырылган.

Ошондой эле, 1995-жылы “Мадина” ЖЧКсы (ээси Т.Салимов) мурдагы №155 бала бакчанын (Чыгыш-5 кичирайону, №18/1, азыркы “Прадо” эс алуу жайы, болжолдуу баасы 5 миллион долларды түзөт) имаратын “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКтан мектепке чейинки билим берүү мекемелерин менчиктештирүү боюнча мыйзамдарды бузуу менен менчикке алган. Андан соң Салимовдор мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мыйзамдаштыруу максатын көздөп, курулуш компаниялардын бири менен премиум классындагы көп кабаттуу турак жайды куруу боюнча келишим түзүшкөн.

Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги катары кымбат батирди бериши шарт болгон. Андан кийин, мурдагы бала бакчанын аймагына турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок Салимов берилген батирди кайтарып берүүдөн баш тартып, Камчы Көлбаев менен биргеликте ишкерлерге кысым көрсөтүү жолу менен башка адамдардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк бул батирди Көлбаев Чолпон-Ата шаарында Совет көчөсү, №36 дарегинде жайгашкан мурдагы “Зодиак” казиносунун ордуна соода борборун куруу максатында жер тилкеге алмаштырып алган.

Мындан тышкары, уюштуруучулардын бири Салимов болгон “Т.S. Group” ЖЧКсы “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКдан болжолдуу баасы 11,5 миллион долларга жакын жалпы аянты 4,5 га кампа жайларын мыйзамсыз чыгарып алган.

Бул фактылар менен катар Камчы Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобунун мыйзамсыз иштерине Салимовдордун үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Тактап айтканда, Ильшат Салимовдун Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда Камчы Көлбаевдин коттеджинин жанында жайгашкан 600 миң долларлык коттеджи бар, ошондой эле курулуп жаткан “Каганат Резорт” эс алуу борборунда 700 миң долларлык дагы бир коттеджи бар. Мындан тышкары, анын шаардын борборунда жалпы баасы 700 миң долларды түзгөн бир нече кымбат батирлери бар. Ошондой эле Салимов жүк ташуу, коомдук тамактануу, курулуш жана башка боюнча адистешкен бир нече ЖЧКнын ээси болуп саналат.

Учурда Ильшат Салимовго издөө жарыяланып, Салимовдордун үй-бүлөсүнөн кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы адамдын жүргөн жери, рейдерлик жол менен басып алуу фактылары же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча маалыматыңыз болсо, УКМКга 0312-660475, 0312-626504 телефондору аркылуу кабарлаңыз.