Мадумаров: «Ийненин учуна илип алар бир нерсе таба албай коюшту»

Депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыкты. Аны УКМКнын алдында тарапташтары кол чаап тосуп алышты.

Ал журналисттин эркиндик боюнча суроосуна жооп берип жатып, жүрөгү эркиндикте болгонун айтты. Ошондой эле депутаттык мандат боюнча да кеп кылды. “Ушунун баары мандат үчүн болуп жатат. Башка маселеси жок. Биз күрөшүп келгенбиз, соңку демибиз чыкканча күрөшө беребиз”, — деди ал.

«Баарын көрдүңөр, ийненин учуна илип алар бир нерсе таба албай коюшту. Күрөш дагы алдыда. Мунун артында чоң жакшылык бар. Мага бул жерде отуруу кыйын болгон жок. Мындан ары ак ийилбейт», — деди ал.