Мадумаровдун апелляциялык арызы эртең шаардык сотто каралат

Депутат Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызы эртең, 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

«Оппозиция лидери Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызы 31-октябрда саат 15:00дө Бишкек шаардык сотунда каралат», — дешти.

Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда. Депутат Гуля Кожокулова өткөн жумада анын ооруканага которулганын билдирген.