Мадумаровдун иши. Прокурор аны күнөөлүү деп таап, мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу ишти кыскартууну суранды

Бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү. Соттук отурумга судья Мирбек Сатарбек уулу төрагалык кылды.

Адвокаттардын айтымында, мамлекеттик айыптоочу, жабырлануучу жана анын жактоочусу сөз сүйлөштү. «Биздин жарыш сөз кийинки бейшембиге жылдырылды», — деди адвокат Юлия Богданова.

Адвокат Кубанычбек Тумановдун айтымында, прокурор Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок иштин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартууну суранган.