Маевкада катталган жол кырсык боюнча тергөө жүрүп жатат (видео)

Социалдык тармактын колдонуучулары Маевкада катталган жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат. Маалыматтарга караганда, Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан 2 адам каза болгон. Окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы маалымат таратып, кырсык кечээ, 5-июль күнү саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Маевка айылында катталганын, тергөө жүрүп жатканын билдиришти.