Маевкадагы жол кырсык. Мас айдоочунун ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери экени маалымдалды

Социалдык тармактын колдонуучулары Маевкада катталган жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат. Маалыматтарга караганда, Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан 2 адам каза болгон.

Окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы маалымат таратып, кырсык кечээ, 5-июль күнү саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Маевка айылында катталганын, тергөө жүрүп жатканын билдиришкен.

«Маевка айылында Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Жол кырсыгынын кесепетинен көз жумгандар бар. Азыркы учурда бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилип, тергөө амалдары жүрүүдө», — дешкен милициядан.

Ал эми президенттин кеңешчиси Болот Ибраимов соцтармактагы баракчасына айдоочунун ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери экенин, ал сыра ичкенин айткан. Кырсыкта 2 адам жаракат алган жана экөө тең алган жаракатынан каза болгонун кошумчалады.