Майлуу-Сууда 65 жаштагы кишинин өлүмүнөн кийин спирт ичимдигин чогуу ичкен жаран кармалды

Майлуу-Суу милициясы оор кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

6-февралда саат 18:00 чамасында Майлуу-Суу ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну телефон чалып, 65 жаштагы жаран белгисиз себептер менен каза болгондугун билдирген.

Бул окуя Майлуу-Суу ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жаран белгисиз адамдар тарабынан жаракат алгандыгы белгилүү болгон.

Окуя боюнча топтолгон материалдар Майлуу-Шуу ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Майлуу-Суу ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1972-жылы туулган жаран кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмышка шектүү жаран тергөөдө көрсөтмө берип, каза болгон жаран менен спирт ичимдигин ичип отуруп, ич ара пикир келишпестиктен улам аны уруп койгондугун билдирген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.