Майлуу-Сууда жаңы жылдык балаты өрттөлдү. Шектүү келин себебин түшүндүрдү

Кечээ, 30-декабрда таңкы саат 07:15 чамасында Майлуу-Суу шаарында орнотулган балаты өрттөлдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бул окуя Майлуу-Суу ШИИБге катталып, шектүү аныктала баштаган. Шектүү катары ошол эле шаардагы 34 жаштагы келин кармалып, көрсөтмө берди. Ал жаш кезинен эле жалган нерселерге ишенбей турганын, бул жылы да жалганга ишенип, ошол жерде сүрөткө түшпөсүн деп балатыны өрттөп жибергенин айткан. Чыгым такталып, тергөө уланып жатат.

Буга чейин аталган эле облустун Кара-Көл шаарындагы балаты өрттөлгөн болчу.