Мамлекетке 19 миллион сом зыян келтирилген. Аксыда мыйзамсыз кен казуу иштерин жүргүзгөндөр аныкталды

Аксы аймагында мыйзамсыз кен казуу иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аксы районунун Тегене, Ак-Суу айылдарынын тургундарынын арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында, Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайдалуу кендерди мыйзамсыз казууга жол беришкени аныкталган.

“Белгиленген айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдарынын жана айрым юридикалык жактардын мыйзамсыз иштеринин натыйжасында, мамлекетке 19 366 037 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталган”,- деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесине ( кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 233-беренесине (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.