«Мамлекетке 49 миллион сом зыян келтирген». Жол чарба департаментинде коррупциялык схема аныкталды

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментиндеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылы Департамент жол тейлөө мекемелерин унаа жолдорун куруу жана оңдоо үчүн керектүү заттар менен камсыз кылууга, тендердик жол-жоболор аркылуу «жол битуму» майын өндүргөн продукцияны сатып алган. Бирок, башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары, аларга баш ийген жол тейлөө мекемелеринин жетекчилиги менен алдын ала макулдашышып, материалдык артыкчылыктарды өндүрүү максатында, сатылып алынган чийки заттын олуттуу бөлүгүн кызыкдар болгон жеке компанияларга сатышкан, ошол эле учурда, берилген маалыматта сарпталган чийки заттын көлөмүн жана баасын атайылап ашыкча көрсөтүшкөн. Аталган коррупциялык схеманын натыйжасында Департаменттин кызмат адамдары тарабынан мамлекетке 49 миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Кечээ, 8-апрелде аталган кылмышка шектелип Чүй облусунун унаа жолдорунун аймактык башкармалыгынын башкы инженери кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.