«Мамлекетке 8,5 миллион сомдон ашык зыян келтирген». Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген спорт товарлары аныкталды

Бажы кызматы тарабынан мамлекетке 8,5 миллион сомдон ашык түзгөн зыян келтирген спорттук дүкөнүнүн ишмердүүлүгү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, товар коштоочу документтерди кароодо, Кыргызстандын аймагында бул экспорттук декларациялардын негизинде бажылык тариздөө жүргүзүлбөгөндүгү белгиленген.

«Г.С.» спорттук дүкөндөрүнө товарларды сатуучу ТЭИ катышуучуларынын өкүлүнүн айтымында, европалык логистикалык компаниялардын жумушуна болгон кара ниеттүүлүгүнөн жана каталарынан улам товар коштоочу документтерде туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн. Муну менен бирге, экспорттук документтерде көрсөтүлгөн товарлар ташылып келген жана соода түйүндөрүндө мыйзамсыз сатылган.

«ЕАЭБдин Бажы кодексинин 56-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мыйзамсыз алып өтүүгө катышып жаткан жактар, эгерде алар ушундай алып өтүүнүн мыйзамсыздыгы жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, ал эми товарларды Бирликтин бажы аймагына ташып келүүдө, ошондой эле мыйзамсыз ташылып келген товарларды менчикке же ээлик кылууга сатып алган жактар, эгерде алар сатып алуу учурунда аларды ташып келүүнүн мыйзамсыздыгы жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча товарларды мыйзамсыз алып өткөн жактар менен биргеликте жоопкерчилик тартат», — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8 миллион 598 миң 360 сомду түзгөн. Чогултулган кошумча материалдар буга чейин козголгон сотко чейинки өндүрүшкө толуктоо үчүн ИИМдин тергөө кызматына берилген.