Мамлекеттик байланыш агенттигинде радио жыштыкка байланыштуу коррупциялык схеманын бети ачылды

Мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензия берүүдө дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси менчик компаниялардын биринин өкүлү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, Бишкек жана Ош шаарларында зымсыз туташуу станцияларын иштетүү үчүн аларга 20 МГц өткөрмө жөндөмдүүлүгү бар радио жыштык спектрин колдонууга лицензия берген.

Ал эми аукционго коюлган радио жыштык спектринин баштапкы баасы 61,5 миллион сомду түзүп, мамлекеттин кирешесине кириши мүмкүн болгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлүүдө.

Маалымат үчүн: Радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстардын (аукциондордун жана конкурстардын) негизинде гана берилет.