Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан наркы 10 миллион сомдук декларацияланбаган товар аныкталды (сүрөт)

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, «Баткен» бажысынын кызматкерлери Кызыл-Бел өткөрмө пунктунда декларацияланбаган товарларды аныкташкан. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкерлер Пакистандан келе жаткан, бажылык жактан декларацияланбаган аялдардын жана эркектердин кийимдеринин түрлөрүн табышкан. Кармалган товардын наркы 10 601 790 сомду түзөт.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди»,- деп айтылат маалыматта.