Баткенде 1,7 миллион сомдук товарды чек арадан мыйзамсыз өткөрүп бара жаткан аткезчилер кармалды

Бүгүн, 6-мартта Баткен облусунда 1,7 миллион сомдук товарды чек арадан мыйзамсыз өткөрүп бара жаткан аткезчилер кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунун Сай аймагында чек арачылар контрабандалык жүктү мыйзамсыз ташууга аракет кылган Кыргызстандын 4 жаранын кармашты.  Алар  «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааныны айдап бара жаткан 1961-жылы туулган К.А., 1981-жылы туулган М.Н., 1981-жылы туулган Г.П. жана 1975-жылы туулган М.К. аттуу жарандар экени аныкталды.

“Чек арадан тиешелүү документтери жок, мыйзамсыз жол менен өткөрүлүп бараткан жалпы салмагы 11 тонна лимон жана бадыраң токтотулду. Товардын жалпы суммасы 1 миллион 700 миң сомдон ашык экени аныкталды. Жүк каттоого алынып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди”,- деп айтылат маалыматта.