Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелип Өзбекстандын жараны кармалды

Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

14-октябрда УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жасалма документтерди колдонуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбек жараны кармалды. Өзбекстандын жараны Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Ош шаарына учуп келгенде, Кыргыз жаранынын паспортун көрсөткөн.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын расмий документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына тиешеси бар кызмат адамдарына карата тиешелүү комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларыны жүргүзүлүүдө.