Мамлекеттик казынага 1,6 миллион сом зыян келтирген Жалал-Абад шаардык мэриясынын департаментинин башчысы кармалды

Жалал-Абад шаардык мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын январь айында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын тендердик комиссиясы тарабынан Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринин жол жээгин жана инфраструктурасын кеңейтүү, реконструкциялоо үчүн, курулуш иштерин тейлөө кызматтарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы боюнча, жеке компаниялардын бири жеңүүчү деп табылып, ага аталган Н.А.К. келишим түзгөн.

Бирок Н.А.К материалдык артыкчылыктарды алуу боюнча өз кызыкчылыгын көздөп, техникалык көзөмөлдүн жооптуу адамдары жана жеке компания менен алдын-ала бир бүтүмгө келип, курулуш иштеринин көлөмүн жана колдонулган курулуш материалдарынын баасын мыйзамсыз жогорулаткан.

Жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 1,6 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалган адам Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.