Мамлекеттик мекеменин директору коррупция боюнча шектелип кармалды

Кечээ, 2-декабрда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин директору Абдымуктар Маматов коррупция боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мекеменин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча чогултуп келүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Тергөөдө буга директордун катышы бар экени билинип, шектүү тергөө абагына киргизилген.

“Кадастр” мекемеси өкмөттүн алдындагы Жер ресурстары боюнча агенттигине карайт.