Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдө бюджетке 100 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды

Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн бюджеттик жоготуулар болгондугу аныкталды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансында турган мамлекеттик мүлктү ижарага алуу боюнча мамлекетке зыян келтире турган узак мөөнөттүү келишимдерди атайылап түзүүдөгү, кызмат ордуларынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Такталгандай, мамлекеттик органдардын жана жогоруда аталган фонддун жогорку кызмат адамдары  мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жаатында белгиленген укук ченемдик актыларды бузуу менен, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген, мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө убактылуу пайдаланууга беришип, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке тиешелүү төлөмдөрдүн түшүшүнө зыян келтиришкендиги аныкталды. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагындагы жүрүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында, бюджетке 100 миллион сомдон ашык суммадагы тиешелүү төлөмдөрдүн чыгымдары аныкталды.

Аталган факты билип туруп пайдасыз келишим түзүү жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу  кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталып тергөө жүрүп жатат. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.