Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары кармалды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен шектелеп жатат. «Мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансында турган мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — дешти.