«Манас» аэропорту жолундагы ызы-чуу. Ээнбаштык жасаган айдоочулар кечирим сурашты

Бишкек — «Манас» аэропорту унаа жолунда автоээнбаштык жасаган 9 айдоочу кармалып, элден кечирим сурашты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Дем алыш күнү түнкүсүн «Манас» эл аралык аэропортуна баруучу унаа жолунда унаа жарыш уюштургандардын ичинен 9 айдоочу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан кармалып, ар бирине 15 миң сом айып салуу менен унаалары айып короо жайына киргизилген.

Ал эми айдоочулары андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн милиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө. Териштирүү учурунда, айдоочулар коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун бузгандыгы үчүн коомчулуктан кечирим сурашууда.