Социалдык тармактарда «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо катталган жол кырсыктын видеосу тарады.
Видеодон унаанын жолдун четине чыгып, оодарылып калганын көрүүгө болот. Видеонун автору унаа катуу ылдамдыкта бара жатканын айтат. Жаракат алган жарандын жерде жатканын да көрүүгө болот. Милиция азырынча маалымат бере элек.