«Манас» аэропортуна барган жолдо балдар автобусу жол кырсыгына учурады (видео)

Аэропорт — Бишкек жолунда жол кырсык катталды. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучулары жазып, видео менен бөлүшүп жатышат.

Маалыматтарга караганда, окуучулар бара жаткан автобусту Go bus маршруткасы сүзгөн. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгына байланышканыбызда маалымат такталып жатканын айтышты.