«Манас» аэропортуна барган жолдогу кырсык. 2 бала реанимацияда

Буга чейин Аэропорт — Бишкек жолунда жол кырсык катталганын, окуучулар бара жаткан автобусту GoBus маршруткасы сүзгөнү маалым болгон.

Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, жабыркагандардын саны 16 адам экенин билдиришти. «Тизме түзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки бала оор абалда реанимацияда жатат. Дарыгерлер бардык керектүү жардамдарды беришет. Кошумча такталган маалымат кийинчерээк берилет»,- дешти.