«Манас» аэропортуна кеткен жолдо жарыш уюштурган айдоочуларга айып салынды

«Манас» аэропортуна кеткен жолдо жарыш уюштурган айдоочуларга айып салынды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Автоунаалардын ээлери Бишкек шаарынан аэропортко кете турган трассаны тосуп, катуу ылдамдык менен жарыш уюштурган. Алар жолдун боюнда жашаган элге да тынчтык берген эмес. Жыйынтыгында 5 айдоочу кармалып, аларга 7500 сом айып пул салынды. Автоинспекторлор жарыш уюштургандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.