Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан “Манас” аэропортунан декларацияланбаган ар кандай дары-дармектердин түрлөрү табылды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
«Дары-дармектер убактылуу сактоочу кампага келип түшкөн. Бажы кызматкерлери товарлар декларацияланбагандыгын аныкташты. Жалпысынан 30,2 килограмм ашуун ар кандай аталыштагы дары-дармектер, медициналык багыттагы буюмдар жана 27 таңгак кальян тамекиси табылды. Учурда тергөө иши жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.