«Манас» аэропортунда бажы төлөмү төлөнбөгөн учак табылды

Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарын өткөрүүдө бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

«S.K.G.A.» ЖЧКга тиешелүү «Diamond DA 42М-NG» жеңил моторлуу учак 2017-жылдан баштап өлкөнүн аймагында жайгашкандыгы белгиленген. Бажы органдарынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасынын борбордук маалыматтык базасында учакка бажылык тариздөө жүргүзүү жөнүндө маалымат жок. Башкача айтканда, учак бажы жагынан таризделген эмес. Буга байланыштуу, «S.K.G.A.» ЖЧКнын иш-аракетинде/иш-аракетсиздигинде ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу белгилери каралат.

Учак үчүн «Убактылуу ташып кирүү» бажы жол-жобосу боюнча тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 5 миллион 475 миң 810 сомду түзгөн жана «Ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосу боюнча 8 миллион 237 миң 128 сомду түзгөн. Бул факты катталган, материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага берилди.