«Манас» аэропортунда 2,3 миллион сомдук ROLEX сааттары аныкталды

«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген аба жүктөрүн бажылык контролдоо жана текшерип кароонун алкагында декларацияланбаган товарлар аныкталган. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

«ТСКД» ЖЧКсынын дарегине «ROLEX» соода маркасынын 5 бирдик жана «PATEK PHILIPPE GENEVE» соода маркасынын 1 бирдик оригиналдуу кол сааттары келген.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык, кармалган товарлардын орточо базардык жалпы баасы 2 миллион 292 миң сомду, ал эми тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 460 миң 462 сомду түздү.

Факты катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилген.