«Манас» аэропортунда 51 килограммдан ашык салмактагы алтын куймаларды алып өтүп бара жаткан чет өлкөлүк кармалды

Контрабандалык 999,9 үлгүдөгү алтын эритмесинин 51 килограмм 866 грамм салмактагы алтын куймалары арестке алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропорту аркылуу алтын куймаларын системалуу түрдө контрабандалык жол менен алып өтүү фактылары боюнча маалымат алынган. Алынган маалыматтарга ылайык, чет элдик жеке ишкерлер материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу, алтын куймаларын кайра сатуу максатында контрабандалык жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушкан. УКМК тарабынан “Манас” бажысы менен биргеликте 999,9 үлгүдөгү алтын эритмесинин 51 килограмм 866 грамм салмактагы алтын куймалары кармалды. Жогорудагы фактынын негизинде чет мамлекеттин 1 жараны кармалды.