«Манас» аэропортунда бомба бар» деген шектүү кармалды

«Манас» аэропортунда бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

5-май күнү болжол менен 16:30да милицияга «Манас» аэропортунда бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Аэропорттун аймагын текшерүү учурунда эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1968-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.