«Манас» аэропортунда оюнчук граната табылды. Милиция шектүүнү издеп жатат

«Манас» аэропортунда оюнчук граната табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-январда саат 19:42 чамасында милиция кызматкерлери «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте аэропорттун экинчи кабатында жайгашкан «DOPPIO» кафесинин арткы тарабындагы курулуш материалдарынын ичинен гранатага окшош шектүү буюм табышкан. Аталган факты Чүй ОИИБге катталып, текшерүү иштери башталган. Жерине милиция кызматкерлери барып, аэропортту курчоого алып, ичиндеги адамдар эвакуацияланган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында, табылган граната оюнчук экени аныкталган. «Учуп келүү же учуп кетүү боюнча эч кандай кечигүү болгон жок. Аэропорт кадимки режимде иштеп жатат. Учурда оюнчук граната таштагандарды аныктоо жана кармоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.