«Манас» аэропортунун жанындагы унаадан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Милицияга 22-февралда «Манас» аэропортунун аймагындагы унаадан жансыз дене табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталаган дарекке Сокулук РИИБдин кызматкерлери барып, унаадан 1982-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жансыз денени кароо учурунда, криминалдык тактар байкалган эмес. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери тарабынан унаанын салонун текшерүү учурунда газдын жыты чыккан. Мындан тышкары, унааны текшерүү учурунда бир жагы түтүн чыккычка туташтырылган, экинчиси багаждын ичине бекитилген шланг табылган.

Факты Сокулук РИИБге каттоого алынган.