«Манас» аэропортунун жолунда болгон ызы-чуу. Милиция тартип бузган айдоочулардын баары жоопко тартыларын билдирди

«Манас» аэропортунун жолун жеңил унаа менен жарышкандар жаап алып, ары-бери каттоого тоскоолдук кылышкан. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимов жазды.

Окуя болгон жерге жол милициясынын экипаждары келгенде да ээнбаштар баш бербей, каршылык кылышкан.

Окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырдаал жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин билдиришти. «Тартип бузган айдоочулардын баары мыйзам чегинде жоопко тартылат», — дешти.