«Манас-Ата» кафесинин администратору кызматтан кетип, жетекчиси элден кечирим сурады (видео)

«Не сахар» долбоорунун тартуучу тобун кафеге киргизбей тоскоолдук жараткан «Манас-Ата» кафесинин администратору жумуштан кетти. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

«Манас-Ата» кафесиндеги чыр боюнча окуяны текшерүүнүн алкагында аталган кафенин ээси Бахтияр Гуламов Ош ШИИБиге чакыртылып, окуя боюнча суралды. Ал жарандарга орой мамиле жасагандыгы үчүн кафенин администратору Машрапхон Кушакбаева кызматтан кетирилгендигин билдирди. Ошондой эле тергөө кызматына аталган кафенин администратору, блогерлер менен түшүнбөстүккө барган Машрапхон Кушакбаева, анын жардамчысы Ориф Аширалиев тергөө кызматына алынып келинип, окуя боюнча көрсөтмөлөрүн беришти. Окуя маалыматтардын электрондук журналына катталды. Ар тараптуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, катыштыгы бар жарандарга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Кафенин окуя болгон учурдагы администратору Машрапхон Кушакбаеванын айткан сөзү боюнча атайын экспертиза дайындалды. Ошол эле мезгилде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны шылтоо кылып, улуттар аралык араздашууну күчөткөн, жарандардын улутуна, жеке кадыр-баркына доо кетирген комментарийлерди жазуудан баш тартууга чакырат.