Манас шаарындагы эс алуу багында мушташкан 17 жаран милицияга жеткирилди (видео)

Буга чейин социалдык тармактарда «Манас шаарында топ балдар мушташып жатат» деген видео тараган. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришти.

10-cентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Токтогул” эс алуу багында тойдо жүргөн топ балдар мушташып жаткандыгы боюнча маалымат алынган. Аталган факты ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жалпы 17 жаран Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынып, жыйынтыгында бири-бирине арыз доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан жана соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.