Манасчы Дөөлөт Сыдыковго кылмыш иши козголгону айтылууда

Өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыковго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу камакка алынган жарандык активист Илгиз Шаменов жазды.

«Массалык камалгандардын бошотулушун талап кылып, видео кайрылуу кылганбыз. Эми ошол видео кайрылуу менен бийликти басып алууга даярдангансыңар деген айып коюшту. Азыркы учурда Москвада жашап жаткан манасчы, аты аттын кашкасындай таанымал Дөөлөт Сыдыковго жана ишкер Эмил Жайчиевге дагы бийликти басып алууга даярдануу, чакырык деген иш козгошту. Эми издөөгө бергени жатышканын айтты, мен өзүм дагы тааныштым, иш токуп даярдап коюшуптур», — деди ал.