Сот чыккынчылыкка шектелген Марат Казакпаевдин бөгөт чарасын карады

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кечээ, 14-апрелде мамлекетке чыккынчылык үчүн шек саналып жаткан Марат Казакпаевдин бөгөт чарасы каралды. Экспертти сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери алып келишти.

Судья Абдуразак Боромбаевдин чечими менен Казакпаев тергөө бүткөнгө чейин камакта кармалмай болду. Андан тышкары бул кылмыш иштин экинчи фигуранты Марат Токтоучиковдун бөгөт чарасы каралды. Ал дагы камакка алынды.

УКМК мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары эки адам кармалганын, алардын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде расмий кабарлады. Ошол эле күнү экинчи адам Марат Токтоучиков экени маалым болду. Мекеменин басма сөз кызматы алар ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалганын билдирди.

Марат Казакпаев “Азия Ньюс” гезитинин 8-апрелдеги чыгарылышына жана ушул эле гезитке таандык aryba.kg сайтына 10-апрелде маек берип, ал “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталыш менен чыккан. Анда Казакпаев азыркы бийликтин, анын ичинде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу аракеттерин сынга алган эле.