Маркум Камчы Көлбаевдин туугандары адам уурдоого шектелип кармалды

УКМКга уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин колдоосунан пайдаланып, өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн айрым адамдар тууралуу маалымат келип түшкөн.
Тактап айтканда, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө маркум кримтөбөлдүн туугандары Ж.Э.А. жана Ж.С.А. күч колдонуу жолу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкан. Натыйжада козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Учурда адам уурдоо фактысы боюнча Ж.Э.А. Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.