Март айында кармалган Матраимов эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду.
Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн сунушун канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо боюнча тил катка өзгөртүлгөн.

Буга чейин Райымбек Матраимов 26-декабрга чейин камакта калтырылган болчу. Ал бир туугандары менен биргеликте ушул жылдын март айында  Азербайжанда кармалып, Бакудан Бишкекке жеткирилген.