«Мас абалында болгон». Бишкекте 37 жаштагы ата 12 жаштагы өз кызын зордуктоого шектелүүдө

Бишкекте өз кызын зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-февралда милицияга жашы жете элек кыз атасы тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция 2010-жылы туулган кыз 1985-жылы туулган атасы тарабынан зордукталганы аныкталган. Ал мас абалында болгон. Факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголду. Шектүү Бишкек ШИИБдин абагына киргизилип, райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.