Мас абалында кармалган айдоочу Сот департаментинин кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн (видео)

Милициянын кайгуул кызматы маалымат таратып, мас абалында кармалган айдоочу Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин кызматтык күбөлүгүн көрсөткөнүн айтып, видео менен бөлүштү.

Медициналык текшерүүдө киши унааны мас абалында башкарганы тастыкталган.

Сот департаменти журналисттерге маалымат берип, мас абалында унаа башкарган кызматкерине чара көрүлөрүн билдиришти.