«Мас абалында курал менен коркуткан». Тоңдо бейбаштыкка шектүү кармалды

Тоң районунда мас абалында жарандарды курал менен коркуткан адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

30-июль күнү Тоң районунун Тогуз-Булак айылында жергиликтүү тургун мас абалында жарандардын өмүрүнө жана мүлкүнө коркунуч келтирген окуя катталган. Ал Ауди 100 үлгүсүндөгү унааны башкарып, мыйзамсыз ок атуучу куралды ок дарылары менен жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген аракеттерди жасап, адамдарды бутага алган.

Тоң РИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, шектүү Тоң районунун 1985-жылы туулган тургуну кармалган. Кармоо Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда болгон. Унааны текшерүү жана кароо жүргүзүү учурунда бир даана сайсыз ок атуучу курал ок-дарылары менен табылып, далил зат катары алынган. Алынган далил заттар тиешелүү уруксат документтери жок болгондуктан мыйзамсыз болуп чыккан.

Медициналык экспертиза кармалган жарандын алкоголдук ичимдик ичкенин тастыктаган. Факты Тоң РИИБге катталып, 208-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Тоң РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн чечими менен шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.