«Мас болчумун». Оштогу үйдө ок чыгарган жаран окуя тууралуу айтып берди

Кечээ, 24-августта социалдык тармактарда жигиттин үйдүн терезесинен ок аткандагы видео тараган. Видеонун Ош облусунун аймагында да тартылганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден видео тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, видеодогу жигит кармалган. Милиция тарабынан баланын аты-жөнү аныкталып, бүгүн, 25-августта милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ал Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган тургуну, туруктуу иштеген жери жок жигит болуп чыккан.

«Быйыл январь айынын аяктарында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн бир батирди суткага алып, досторум менен көңүл ачып отурганбыз. Мас элем. Анан менин жанымда сигналдык тапанча бар эле. Ошону алып терезеден аттым. Анан ал видеону 23-августта Инстаграм баракчама жүктөгөн элем. Ал жерден башка адамдар алып таратып жиберишиптир. Туура эмес кылдым. Кечирим сурайм», — деди жигит.

Ал эми сигналдык тапанчаны Бишкек шаарынан мергенчилердин атайын дүкөнүнөн сатып алгандыгын, сатып алуу үчүн эч кандай уруксат кагаздын кереги жок экендигин билдирген. Учурда далил буюм катары тапанча алынды, ал эми кармалган жарандын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.