«Мас болгон». №26 колониянын жетекчиси эки патрулдук унааны сүзүп, 3 инспектор жаракат алды (видео)

Бүгүн, 17-июль күнү социалдык тармактарга бир унаанын эки патрулдук унааны сүзгөн видеосу тараган. Видеодогу окуя боюнча ИИМ ЖКККББнын маалымат кызматы төмөнкүдөй маалымат берди.

«17-июль күнү эки патрулдук унаа Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы ЖКККнын имаратынын жанында турган. Эртең менеки саат 07:00 чамасында эки патрулдук унааны Киа рио үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн. Айдоочу рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, кырсык катталган. Кырсыктын кесепетинен үч инспектор жеңил жаракат алып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына кайрылышкан.

Аталган окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБиси кылмыш ишин козгогон. Иликтөөнүн жыйынтыгында Киа унаасынын айдоочусу Молдовановка айылындагы Жаза аткаруу кызматынын 26-мекемесинин жетекчисинин орун басары экендиги аныкталды. Ал мас абалында болгон», — деп жазылат маалыматта.