Массалык башаламандыкка чакырык жасаган “Ali Osman” аттуу «Facebook» социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Массалык башаламандыктарга жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакырыктарды байма-бай жарыялап келген «Facebook» социалдык тармагынын колдонуучусу 1978-жылы туулган К.А.А. аттуу Кыргыз жараны аныкталып, кармалды. Кармалган К.А.А. Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир»диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экени аныкталды. Ага «Массалык башаламандык» жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренелери кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда кошумча тергөө иш-чараларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн тиешелүү тергөө-процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө. Ал эми К.А.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, ошондой эле массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана ага катышууга багытталган аракеттер үчүн, мыйзамда 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.